Бишкек шаарында Киев менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишиндеги мурдагы Республикалык дарт аныктоо борборунун ордуна Көп тармактуу клиникалык балдар ооруканасы ачылды.

Оорукана 150 орунга ылайыкталган жана 6 бөлүмү бар:

- педиатрия бөлүмү — 50 койка,

- кабыл алуу-диагностика бөлүмү — интенсивдүү терапия палатасынын 5 койкасы менен,

- пульмонология бөлүмү — 35 койка,

- неврология бөлүмү — 40 койка,

- кыска мөөнөттүү дарылануу бөлүмү — 20 койка,

- функционалдуу диагностика бөлүмү.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей, ооруканада 240 орун даярдоо пландалган. Бирок 150 гана орун даярдалды.

«Себеби бул жакта ата-энелер үчүн дагы шарт түзүлгөн. Дарылоо акысыз болот. Бишкек шаарынын калкы өсүүдө, жаңы конуштар пайда болууда. Бизге мындай ооруканалар керек», - деди министр.

Оорукананын башкы дарыгери Турдубай Мүсүралиев күн сайын 50-60 кишини кабыл алып жатышканын айтты. Ооруканада ЭХО, гатроскопия, ЭКГ, УЗИ-аппарат жана лаборатория бар.

«5-6 ай №3 балдар ооруканасы менен бирге иш алып барабыз, анткени алардын чоң тажрыйбасы бар. Алар бизге жардам берип турат. Буга чейин Дарт аныктоо борборунда иштеп келген 72 кишини калтырдык. Калган медиктер башка ооруканаларга жумушка орноштурулат», - деди ал.

Бүгүнкү күндө ооруканада 48 бала дарыланууда.

Булак: Баракелде