Печать
Категория: Коом
Просмотров: 83

2021-жылдын 8-декабрында Ташкентте “Борбордук – Азия Италия” министрлеринин экинчи жолугушуусунун алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Сироджиддин Мухриддин жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-тажик мамилелеринин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, өз ара пайдалуу биргелешкен иш-чараларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги белгиленди.

Министрлер 2021-жылдын 21-ноябрында Дүйшөмбү шаарында өткөн министрлердин жолугушуусунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча ишти улантууну макулдашты.

Булак: Кабар