- Темирлан мырза, парламенттик жарыштын жыйынтыгы тууралуу ар кандай ойлор айтылып жатат. Сиздин көз карашыныз кандай?
- Президент командасына ишенген. Алар да ажону “таза шайлоону камсыз кылып бе ребиз”- деп ишендиришкен. Ошондуктан да, өлкө башчысы Ашхабадка иш сапарга эч нерсени ойлонбостон кетип калган.
Бирок, ажонун жоктугунан пайдаланып, Нуржан Шайлдабекова башында турган БКШнын мүчөлөрү көнгөн адатынча жакшы иштин баркын кетиришти. Мен БШКнын сервериндеги үзгүлтүктү айтып жатам. БШК төрайымы ж.б. жооптуу адамдар: “бизге чет мамлекеттен хакердик атака болду”, “диверсия жасашты”, “компьютер иштен чыгып бузулуп-өчүп калды” дешип, ар кандай чындыкка дал келбеген нерселерди айтып жатты. Анекдот уккандай күлүп олтурдук го. Акырында бир байкушту таап, “туура эмес формула киргизип жиберитир” дешти. Ошондуктан, утулганы да, утканы да издегени көктөн табылгансып, “шайлоо таза
болбой калды”, “шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарыш керек”, “жаңыдан шайлоо жарыя кылуу зарыл”- деген талаптарды коюп жатышат. Шайлоонун өзү кандай өткөнүндө кеп жок. Кеп, ошол иш-чарага күмөн туудурган БШКнын ишинде болуп жатпайбы. Ал эми: “БКШнын мүчөлөрүн бүт отставкага кетирип, кылмыш ишкозгогула”- деген талап такыр угулбай калды. Баш прокурор Курманкул Зулушев дароо бул ишти көзөмөлүнө алып, иликтеп чыкса болот эле. Жыйынтыктап айтканда, бир тарап “шайлоо таза өттү” десе, мага окшогондор күмөн санап калды, себеби ушул кунгө чейин бир дагы БКШнын кызматкери сервердеги үзгүлтүк үчүн жоопко тартыла элек. Ал эми Нуржан Шайлдабекова болсо мунун баарын чымын чаккандай да көргөн жок. “Ит үрө берет, кербен кете берет” дегендей, уялып да койгон жок, элден кечирим сурамак түгүл.
- Ажобуз Коопсуздук Кенештин жыйынында “мен Шайлдабекованы мурда жек көрчү элем, көрсө ал жакшы адам турбайбы” деп айтты. Анда сиз эмнеге Н.Шайдалбекованы жоопкерчиликке тартыш керек деп жатасыз?
- БКШнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы мен бүгүн эле “жоопко тарткыла” деп чыккан жокмун. Мындай талап менен бир жыл мурун, тагыраагы 2020-жылдын 26-октябрында биз, Акин Токталиев башында турган укук коргоочулар ошол кезде президенттин м.а. Садыр Жапаровго, Баш прокурор Курманкул Зулушевге, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге, УКМКнын 1-орун басары, Антикоррупциянын мүдүрү Бекболсун Апсатаровго далилдүү фактыларды көрсөтүп, арыз менен кайрылганбыз. БКШнын төрайымы Н.Шайлдабековага жана БКШнын бүт мүчөлөрүнө кылмыш иши козголушу керек болчу. Бир жыл мурунку тарыхтагы эң булганыч парламенттик шайлоону да ушулар өткөзүп, нааразычылык болгон. Дал ушулардын кесепетинен үчүнчү жолу мамлекетте бийлик алмашуу болуп кетти. Тилекке каршы, бизди эч ким уккан жок. Булар болсо жазасыз калаарын сезип, дагы бир жыландын башын чыгаруу аракетин жасашты.
- Айтынызчы, кайсы конкреттүү күнөөсү үчүн БКШнын бүт мүчөлөрүнө кылмыш иш козгогула деп ажого, күч структураларга кайрылгансыңар бир жыл мурда?
- 2020-жылдын 7-октябрында жаны бийлик келди, “эми жаңыча иштейбиз мыйзам чегинде, мыйзамды бузгандарды жоопко тарттырыш керек, үчүнчү мамлекеттик төңкөрүшкө БШКнын мүчөлөрүнүн адилетсиздик шайлоо өткөргөнү себеп болду, алардан кутулушубуз керек, эгер мындан ары мыйзамдуу шайлоо өткөргүбүз келсе”- деп кайрылганбыз ажого, прокурорго жана УКМКга. Бирок биздин арызыбызга юридикалык баа беришпеди, тескерисинче бизге карата президенттин тегереги куугунтук жасашты.
Сурооңузга так жооп берейин: 2016-жылдын 28-декабрыда КРнын экс-президенти Алмазбек Атамбаев КРнын Конституциясына 30-беренесине мыйзамсыз өзгөртүү киргизген. БКШнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова өз укугунан аша чаап, 2016-жылы 11-декабрда мыйзамсыз референдум (бүткүл элдик добуш берүүнү) өткөрүп, жаңы Конституция кабыл алынган.
Нуржан Шайлдабекова 2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган конституциялык мыйзамды одоно бузуп, экспрезидент А.Атамбаевдин мыйзамсыз буйругун аткарып, жаны мыйзамсыз КРнын Конституциясын кабыл алып, экс-ажого таянып, өз билгенин жасаган. Себеби, 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын 4-беренесинде: “Жогорку Кеңеш тарабынан КРнын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартибин караган КРнын Конституциясынын 114-беренесинин 2-болүгүнүн жоболору 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет” деп жазылып турганына карабастан, БКШнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова өйдө жактын айтканын аткарып, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөзүүгө макул болгон. Ошондуктан, БКШнын бүт мүчөлөрүнө ишеним жок.
Булак: "Майдан.kg" гезити, №37 (521) 08.12.2021-жыл