Печать
Категория: Коом
Просмотров: 136

- Эрнест мырза, БШКнын жыйын- тыгы кечеңдеген сайын коомчулукта күмөн санаган түрдүү кептер чыга баштады. БШК кандай чечим чыгарса дагы шайлоонун жыйынтыгын таанышыбыз керекпи?

- Мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу парламенттик шайлоо таза өттү. Негизи идеалдуу шайлоо тарыхта болгон эмес, болбойт дагы. Ошон үчүн кол санактын жыйынтыгынан кийин ар кайсыны айтпай, шайлоону таанышыбыз керек.

- Бирок, “кайра шайлоо болушу керек. Бул шайлоо укмуштуудай мыйзам бузуулар менен коштолду” деген да топтор чыгып жатат го?

- Чынында кайра шайлоо болсун дегенге негиз жок. Жогоруда айткандай, идеалдуу шайлоо болбойт. Ошон үчүн бул шайлоонун жыйынтыгын таанып, алдыга жылуунун аракетин көрүшүбүз керек. Жаңы парламент ишке кирип, мыйзамдарды ревизия кылып, өлкөнү алдыга сүрөй турган мыйзамдарды жазып,
президентке жардам бериши керек. Шайлоодон башка да көп кызыктуу жана мамлекет үчүн маанилүү нерселер бар экенин эстен чыгарбашыбыз керек.

- Эрнест агай, президент жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейинки ишкерлерди салыктан бошоткон жарлыкка кол койду. Эми ишкерлер иштин майын чыгарып, жакшы иштей башташабы?

- Бул жарлык ишкерлер үчүн өтө керектүүтжарлык деп эсептейм. Анткени, бул жарлыкткичи жана орто бизнестин өнүгүшүнө чоң көмөк көрсөтөт. Азыркы экономикалык моделде Кыргызстандын орто классы экономикабызга чоң салым кошот. Демек, болуп жаткан структуралык, экономикалык кризисте өкмөт ушул орто класска жардам бериши керек. Ошон үчүн абдан туура чечим болду деп эсептейм.

- Баса, президент кечээ 2022-жылдын 1-январынан баштап дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотулат деген да жарлыкка кол койду. Бул нерсе оң жыйынтык береби?

- Албетте, оң жыйынтык берет деп ойлойм. Анткени, бул дагы маанилүү чечим болду. Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун алдын алыш үчүн дыйкандарга, фермерлерге жардам бериши керек. Ошондой эле өкмөт
ар бир айыл өкмөтүнө муздаткыч алып, мал семиз кезинде дыйкандардан, фермерлерден эт сатып алууну жолго койсо да, дыйкан, фермерлерге чоң колдоо көрсөтмөк. Алар кышы бою малды кымбат жем, чөп коротуп багыпкыйналбайт эле.

- Токтогул ГЭСиндеги кризис жазда тереңдейби?

- Энергокризис февраль айында тереңдейт. Шайлоону кайра өткөрөбүз дегендер муну жакшы билет окшойт. Буюрса, кризистен да чыгабыз. Буюрса, өкмөткө бул жагынан жардам беребиз.


Булак: "Майдан.kg" гезити, №37 (521) 08.12.2021-жыл