Печать
Категория: Коом
Просмотров: 73

«Шаардык бюджеттен 143 миллион сомго жакын акчаны муниципалдык кызматтын абийирсиз кызматкерлери максатсыз колдонушкан», - деп билдирди брифингдин жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.

Анын айтуусуна караганда, аталган фактылар боюнча материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.

«Учурда муниципалдык ишканаларда текшерүү уланууда»,- деди калаа башчысы.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратурага «Бишкек жашыл чарба», «Бишкексвет» жана «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканалары боюнча материалдар жөнөтүлгөн.

Булак: Кабар