
- Мирбек мырза, чынында шайлоо кандай өттү? Кол санактан кийин шайлоонун жыйынтыгын таанышыбыз керекпи же жаңы шайлоо өткөрүшүбүз керекпи?
- Шайлоо боюнча айта кетсем, мындай таза шайлоодон эл такыр эле үмүтүн үзүп койгон болчу. Чынында шайлоо таза эле өттү. Мурдагыдай мыйзам бузуулар кадам сайын катталган жок. Ага ажобуздун: “кимде-ким шайлоого аралашса катуу жооп берет”- дегени да таасирин тийгизди. Президенттин сөзүнөн кооптонуп, жогорку даражадагы чиновниктер шайлоого аралашышкан жок. Кыскасы, эл өзүнүн тандоосун жасады. Өтпөй калган партиялар мурдагы адаттарына салып, ызылдап чыгышты. Кол санактан кийин өтө деле көп айырмачылык болбогону байкалды. Эми алар жеңилгенин моюндарына алышы керек. Тагыраагы, шайлоону кайра өткөрүүгө эч негиз жок экенин түшүнүшү керек. Эгер кайра шайлоо өткөрө турган болсок, анда карапайым эл басып да барбайт. Анткени, эл шайлоодон тажады. Мыйзам жазбай эле шайлоо деп эле жүрө бергенибиз туура болбой калат го. Өнүгөбүз, өсөбүз десек, артка кылчактай бербей, алдыга кадам ташташыбыз керек.
- Президенттин орто жана чакан бизнести колдоп, салыктан бошоткон жарлыкка кол койгонун кандай кабыл алдыңыз?
- Президенттин кечээги жарлыктарга кол койгону чындыгында колдоого алаарлык иш болду. Ишкерлерди салыктан бошотуп, алардын иштөөсүнө өтө сонун шарт түздү. Эми ишкерлер иштин майын чыгарып, жакшы иштешет. Мурункудай салыктан качып, кысынышпайт. Көптөгөн жарандарыбызды иш менен камсыз кылышат. Кыскартуулар болбойт. Буюрса, канчалаган үй-бүлөлөр жумуш менен камсыз болушат. Бул биринчиси. Экинчиси, фермерлер менен дыйкандарды дагы жер салыгынан бошоткону колдоого татыган иш болду. Буюрса, дыйкандарга да жакшы иштөөсүнө, айдалбаган жерлерди өздөштүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. 6 пайыздык насыяларды бере башташса, күйүүчү майлардын баасы жогорулап турганда дыйкан, фермерлерге колдоо болот.
Булак: "Майдан.kg" гезити, №37 (521) 08.12.2021-жыл