- Сейдалы агай, көпчүлүк “шайлоонун жыйынтыгын тааныш керек” десе, айрымдар жокко чыгаруу зарылдыгын айтууда. Кол санактан кийин таанысак туура эле болобу?

- Кол санактан кийин тааныганыбыз эң туура болот. Баары кайталап жатышат, сервер бузула берет, бул техникалык сбой дешип. Чынында ошончо шайлоо болот дегенден кийин даярданыш керек эле да... Эми кол санакка кеткен убакыттар тууралуу мисал келтирейин. Мен тээ союз мезгилинде шайлоо системасында иштегем. 1990-1991-жылдары, СССР ЖКсына деп шайлоо болгон. Акаев ошондо Ноокат округунан депутат болуп кеткен. Ошол мезгилде деле бир партия болсо да элди шайлоого чакырышчу. Кийин биздин ач көз атка минерлер добуштарды сатып алууга өтүшүп, толук деградация кылышты. Ал мезгилде элдин 90 проценти шайлоого келчү. Азыркы шайлоо участокторун да ашып барса, 1500 шайлоочу барат орточо эсеп менен алганда. Анда эң кеми он миң адам болчу.тОшолордун добушун шайлоо комиссиясы ашып баратса төрт саатта санап койчу. Кийин Акаевдин учурунда Киркомстромдо шайлоо комиссиясында болдум. Ошондо биздин участокто 1500 адам бар эле плюс минусу менен. Акаев биздин участоктон утуп кеткен. 1500дү жарым саатта санап койгонбуз. Бирок, Масалиев Өзгөн, Баткен участокторунда 90 процент алдыга чыккан. Жыйынтыгы алардын абийиринде болду. Акыркы жолу 2017-жылы президенттик шайлоодо катыштым, бирок байкоочу катары. Ашып барса 420 шайлоочу келген. Форма-2 дегенди чыгара коюшуп, санак электрондук түрдө дароо чыкты. Кол менен ашып барса 20 минутта текшерип коюшту. Байкоочулар, Европа биримдигинен бери отурушту. Протоколго кол коюп берип, дароо кеттик. Бир сааттан кийин шайлоо жыйынтыгы чыкты. Бүгүн деле бир күндө санап бүтүрүп коё турган добушту канча күндөн бери эсептеп бүтө албай жатышат. Шайлоого катышкандар 1 млн. 300 миң деп жатышат, 31 миң шайлоо участокту бир күндө эсептеп, ишти бүтүрүп коюшса болмок, күмөн саноону көбөйтө бербей.

- “Кайра шайлоо өткөрүшүбүз керек” деп чырдагандар чыгып жатат го?

- Азыр кайра шайлоо жасап кереги жок деген адамдар тобу бар экен. Мен ошолорду миң ирет колдойм. Болгону бир гана нерсени айта кетет элем. Бишкек шаардык кеңешине жана Ош шаардык кеңештерине эки ирет шайлоо өткөрүштү. “Мэрлер президенттин администрациясы тарабынан дайындалат” деп эрте эле айтып коюшса, депутат болом дегендер деле түшүнүп, токтоп калышмак. Негизи шайлоо оюндары дайым ачык болушу керек. Азыркы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары эң төмөн. Ошон үчүн эч кайгырбай эле коёлу, ким өттү, ким өтпөдү деп. Алар эмне чечишмек эле. Кеп - азыркы бийлик ишеничтен кетишпесе болду. Анткени, эки тизгин, бир чылбыр колдо. Ошон үчүн аларга ынсап берсин. Шайлоону өткөрүп алышты. Кут болсундан башка эч нерсе айтпайлы. Өткөрбөй эле дайындап салышса не кылып алышмак эле. Бүгүнкү күндө депутаттарга баары бир эмеспи.

- Айтмакчы, жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейин болгон ишкерлик субъекттерди салыктан бошотуу каралган жарлыкка кол коюлду. Эми ишкерлердин иши илгерилей баштайбы?

- Биринчиден, мен ар кандай жеңилдөөтүүлөргө түз карайм. Экинчиден, 8 млн. көп көрүнгөнү менен Кырргызстанда бул порогдон ашкан көп субьектилер эмгектенишет. Болгону эсепке алуу кыйын. Жер салыгы деле ошондой десек болот. Азыр арзан айыл чарба азык-түлүгү калган жок. Алар салыкка көп деле көңүл бурушпайт. Бирок, ошентсе да жер салыгынан бошотуп койгонуна миң мертебе рахмат.

- Айрымдар фермер, дыйкандарды жер салыгынан бошотуу бюджетке анчалык деле салым кошпойт деп жатышат. Эгер андай болсо, эмнеге мындай, популярдуу жарлыктар чыкты?

- Себеби, ал салыктар бюджеттин эч кандай жаатына таасир этпейт. Мизерные сборы десек болот. Ошон үчүн бир жагы туура болду. Салык чогултам деген өзүн актабаган органдарды кармагандын зарылчылыгы жок экени билинди. Себеби, салыктарды чогултуу аларды чогултууга кеткен чыгымдарды жаппайт. Эң жакшысы эми эч ким фермерлердин башын оорутпайт. Дагы бир жолу айтам, жалпы эл үчүн бир сом болсо да жеңилдиктер эң жакшы. Бетти даярдаган Автандил__

 

Булак: "Майдан.kg" гезити, №37 (521) 08.12.2021-жыл