Печать
Категория: Коом
Просмотров: 202

Кыргызстанда аталган ЭБЧ үчүн «Датка» 500 кВ көмөк чордонунда атайын курула турган 500 кВ чөнөктөн 455 км ЭБЧ тартылып, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусунун Тажикстандын чек арасына чейинки аймактары аркылуу өтөт.

Бүгүнкү күндө төмөнкү курулуш иштери аткарылды:

727 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдор курулду, 632 тирөөчтүн чуңкурлары казылды, 563 тирөөчтөр арматураланды жана бетондолду, 389 тирөөч орнотулду. Аткарылган жумуштардын жалпы саны 1241.


Азыркы учурда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында активдүү иштер жүрүп жатат. Ишке 59 бирдиктеги атайын техникалар, машиналар, 76 бирдиктеги траспорттук каражаттар жана 300 жумушчу тартылып, анын дээрлик 65% жергиликтүү тургундар түзөт.

Аталган үч облуста инфраструктуралык объекттерди куруу үчүн адистерди мобилизациялоого 6 курулуш базасы курулду.

Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын — Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталып, эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.

Булак: reporter.kg