Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы парламенттик шайлоонун жыйынтыгында 7 пайыздын тегерегинде добуш топтоп, эптеп босоголук чектен өттү. Бирок, бир жыл мурунку шайлоодогу көрсөткүчтөрүн эске алсак, “бүтүнчүлөр” дээрлик эки эсе аз добуш топтоду. Мунун эң негизги себеби – эл Адахандын популисттик куру кыйкырыктарынан, жалган ураандарынан чындап чарчаптыр. Анан да, кыргыз-тажик чек арасындагы стратегиялык жактан маанилүү 275 метр жердин Тажикстанга таандык экенин далилдеген протоколго кол коюп жибергендигин эл чыккынчылык катары баалаган окшойт.
Сайраса башка куштар чаңында калган Адахан Кимсанбаевичтин доору чындап бүтүп бараткан шекилдүү. Партиясынын квотасы менен депутаттыкка жетти, бирок ал жакта да тынч олтурбай, элдин бүйүрүн кызытканын койбосо, азыркы Баш мыйзамда депутатты чакыртып алуу жагы каралганын эстен чыгарбасын. Кайсы бир саясатчынын чыныгы кадыр баркын эсептеп биле турган негизги көрсөткүч – кичи мекенинде аны жердештери кандай баркташат, ошондо. Дегеле чыныгы саясатчы үчүн 3 фактор өтө маанилүү: биринчиси, эл журтунун, туулганаймагынын колдоосу. Экинчиси, саясаттагы жана мамлекеттик кызматтагы ишмердүүлүгүнүн эл үчүн пайда-зыяны. Үчүнчүсү, элдин күрөө тамырын сезүү, коомдук процессти анализдөө; №10 Куршаб округунда шайлоо аябай курч мүнөздө өттү. Аталган өрөөндөн “Бүтүн Кыргызстан” – 4, “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ыйман нуру”, “Ишеним”, “Улуттар биримдиги”, “Ынтымак”, “Эл үмүтү”, “Ата Мекен” партиялары бирден талапкерлерин чыгарышкан. Анын үстүнө, Куршаб Мадумаровдон башка бир дагы партиянын лидеринин кичи мекени эмес. Ошого карабастан, “Бүтүн” үчүн шайлоонун жыйынтыгы бул округдан жакшы чыкпады. Башынан элде айтылып жүргөндөй, эң негизги атаандаштык “Ата-Журт Кыргызстан” менен“Бүтүн Кыргызстандын” ортосунда өттү. Жыйынтыгында, “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмесиндеги №37-талапкер Чынберди Төлөнов биринчи орунду ээлеп, 2499 добуш топтосо, Мадумаров Адахан Кимсанбаевич үчүн 2297 шайлоочу добуш берген. Саясатка жаңыдан аттанган, мурун-кийин депутаттыкка ат салышпаган жигиттин саясаттын алчы-таасын жеген Адахан Мадумаровду өз жеринде утуп кеткени эмнеден кабар берет? Башында белгилегендей, эл сүйлөгөндөн башка колунан келбеген эски саясатчылардан чындап тажаптыр.
“Жогорку Кеңешке жаратман жаңы адамдар, тажрыйбалуу, кесипкөй адистер баруусу керек” деген коомдук ой-пикирди Куршаб округунун шайлоочулары тастыктады “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан талапкер Чынберди Төлөновду жалпы-жонунан 4000ден ашуун эл колдоп, добуш берди. Талапкердин негизги жолугушуусун алсак, өлкө боюнча эң көп адам келген иш-чара ушул болду десек жарашат. Не дейбиз, Адахан Кимсанбаевич эми мындан ары Куршабка барып убара болбой койсо деле жарашат. Ал жакта жергиликтүү тургундар өз сүймөнчүгүн таап алышты, ал – Чынберди Төлөнов.
Булак: "Майдан.kg" гезити, №37 (521) 08.12.2021-жыл