Өлкөбүздүн энергетика тармагы коррупциялашкандыгы боюнча алдыңкы орунда экендигине эч ким каршы болбосо керек. Анткени катардагы көзөмөлдөөчүдөн (контролер) тартып, министрге чейин эл менен мамлекеттин ортосундагы акчаны кымырып алуучу ыкмалары бар. Мурдагы бийликтердин тушунда керек болсо Ак үй, Көк үйдөгү эң үлкөн чиновниктер да бул тармакка уу тырмагын салышып, Бишкек ЖЭБи сыяктуу ири отканалар миллиондогон долларларды “шабашка” кылган өзүнчө эле фабрикага айланып кеткен. Ошондуктан “Ширшовдун схемасы” деген термин пайда болгон. Көрсө, алардын мындай коррупциялык жол менен акча жасаган өнөрү кийин деле калбай, болгону формасын өзгөртүптүр. Жакында Башкы прокуратура тарабынан электр энергиясына болгон карыздарды мыйзамсыз эсептен чыгаруу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүлгөндүгү аныкталды. Алсак, мамлекеттик “Ошэлектр”, “Жалалабатэлектр”, “Чыгышэлектр” жана “Түндүкэлектр” ачык акционердик коомдору менен ыйгарым укуктуу органдарынын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында, 2016-2020-жылдар аралыгында жалпы 897 млн 288 500 сомдук электр энергиясына болгон карыздар мыйзамсыз эсептен чыгарылып, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Тактап айтканда, жогоруда аталган мекемелер тарабынанабоненттердин карыздарын сот тартибинде өндүрүп алуу боюнча тийиштүү чаралар көрүлбөй, карыздардын орду толтурулбаган. Башка учурларда, сотко доо арыздар берилип, бирок сот аткаруучулардын карыздарды өндүрүүгө мүмкүн эмес деген мыйзамсыз чечимдерине таянып, негизсиз түрдө карыздарды эсептен бошотуп жиберишкен. Ошондой эле, жогорудагы жооптуу кызматкерлер коррупциялык кызыкчылыктарын көздөп, өздүгү такталбаган, аталган даректе жашабаган, же көрсөтүлгөн дареги такыр жок болгон абоненттерди карызкорлордун тизмесине атайылап кошуп, алардан өндүрүүгө мүмкүн эмес деген негизде карыздарды эсептен чыгарып келишкен. Учурда энергетика тармагындагы жооптуу кызматкерлердин кыймыл аракеттерине баа берүү жана мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүү максатында Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен 4 кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Булак: "Майдан.kg" гезити, №37 (521) 08.12.2021-жыл