Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Документте башка нерселер менен катар жүргүнчүлөрдү ташуу ишин тартипке келтирүү максатында Ички иштер министрлигине лицензиялык функцияларды өткөрүп берүү менен жеңил автотранспорт, жүргүнчүлөрдү ташуу лицензиясы киргизиле тургандыгы белгиленген.
Ошондой эле президент Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын штаттык санын кошумча финансылык каражаттарды бөлүү менен көбөйтүүнү, аталган башкармалыктын материалдык-техникалык базасын жакшыртууну тапшырды.
Булак: reporter.kg