Жыйындын күн тартиби (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизилет;

2. “Кыргыз Республикасынын энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (“Энергияны үнөмдөө жөнүндө”, “Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет;

3. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет;

4. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет;

5. “Социалдык фонддун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет;

6. “2022-жылга Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы менен сыйлоонун акчалай өлчөмүн бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.

Булак: Баракелде