- Каныбек агай, кол санактын жыйынтыгы менен шайлоонун жыйынтыгын таанып, Жогорку Кеңешти ишке киргизишибиз керекпи?
- Мен өз оюмду түз эле айтып келген кишимин. Бул жолку парламенттик шайлоо таза өтүшү үчүн бир топ эле зарыл болгон мамлекеттик маанидеги иш-чаралар көрүлдү. Президент Садыр Жапаров саясий эркти көргөзө алды. Катуу турду. Бирок, анын аракеттерин реалдуу ишке айлантуу үчүн шайлоого түз тиешеси бар органдар өздөрү таза жана адилет чечимдерге барышы керек болчу. Алар Жогорку Кеңеш менен Борбордук шайлоо комиссиясы! ЖК сентябрда эле президенттин курсуна жолтоо боло турган мыйзамды кабыл алды. Шайлоо босогосун 3% менен калтыруунун ордуна 5% болсун деп көгөрүп туруп алды. Көшөкөрлөнгөн депутаттар, негизинен акчалуу "базаркомдор" болчу. Анан ал мыйзамга президент өзү дагы кол коюп, күчүнө киргизди. Менин оюмча президентке абдан катуу прессинг болду. Дагы эле баягы олигархтар менен куйту чиновниктер. Мен муну эмнеге баса белгилеп жатам? Жогорку Кеңештин VII чакырылышына он чакты же андан деле көп партиялар келсе дурус болмок. Көчө кыйкырыктары азайып, оппозициялык маанайдагы күчтөр ЖКнын залында өздөрүнүн ким экендиктерин көрсөтүшмөк.
Пикирлердин плюрализмдери орномок дагы, адилет чечимдер кабыл алына баштамак. Мейли эми ошондой деле болсун деп шайлоого кирип кеттик. Бирок, баарыбыз “сүйүп калган” БШК өлтүрбөдүбү? АСУнун шайлоо боюнча кандай маанилүү экендигин безилдеп айтып жатышты. Анан эмне болду? Дал ушул АСУнун айлана-чекесинде шайлоонун шайтан оюндары орун алып кетпедиби? Элементардык катачылыктарга жол беришти. АСУнун иштөө системасын мизилдетип, миң жолу тренинг өткөргөндүн ордуна, БШКнын мүчөлөрү ойду-тоону сүйлөшүп, саясатчы болуп туруп алышты! Жыйынтыгын көрдүк. Анан кол санак дегенге ишендик. Бирок, кол санакты деле оперативдик түрдө уюштуруунун ордуна бир жумага созуп жиберишти. Анан эл ишенбейт да? Канча таза саналса дагы БШК убакыттан уттуруп жиберди . Бир сонун уюштурулган шайлоо өнөктүгүн өлтүрүштү. Жаңы чакырылыштын аброюна доо кетти. Эми эмне кылуу керек? БШК элди ынандыра турган аргументтери менен элге чыгып, АСУ менен кол санактын легитимдүүлүгүн далилдеп бериши керек. Биз баарыбыз чарчадык. VII чакырылыштын алгачкы кадамы “чү” дегенде эле мүдүрүлүү менен башталганы турат. Бул жакшы жышаан эмес. Деги тез арада ишенимдүү чекит коюлуп, ЖК өз ишин баштаса болот эле. Элдин чыдамы менен ойношпосун!
“Ит болсо дагы өз корообузду берилгендик менен кайтарып берсе болду”- деген түшүнүк алдыга чыга баштады азыр, жаңы келген депутаттар жөнүндө. Эми ошол ылтымасыбызды аткара алышабы? Күмөнүм бар. Дагы деле бийликке акмалап, “мага кандай сөөктү ыргытып коёр экен” деген шүдүңгүттөр келе жатышат! Албетте баары эмес, бирок басымдуу көпчүлүктөрү! Бара көрөбүз го. Бир идеяга бириккен күчтөр жокко эсе. “Эптеп эле депутаттык мандат алсам болду”- деген эргулдар басымдуу көпчүлүктү түзүп турганы мени тынчсыздандырат!
- Президенттин дыйкандарды, фермерлерди жер салыгынан бошоткон жарлыгы мамлекетке пайда алып келеби? Муну дыйкан, фермерлерге болгон колдоо деп түшүнсөк болобу?
- Президент Садыр Жапаровдун бүгүнкү бир нече Жарлыктары абдан жакшы болду. Суроолор болушу мүмкүн. Жарлыктын канчалык мыйзамдуу күчү бар деген? Менимче президенттин администрациясы бул сапар абдан тыкан иштей баштады. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышын утурлап мындай өтө маанилүү Жарлыктардын чыкканы өтө маанилүү! Ошолордун ичинен албетте, фермерлер менен дыйкан чарбаларын жер салыгынан бошотуу кадамы өзгөчө болду. 2022-жылдын 1-январынан баштап сугат жана айдоо жерлерге, жайыттарга, чөп чабыктарга чегерилген салыктардан баардык жарандар бошотулат. Бул жакшы чечим болду. Мен айтаар элем президент, Садыр Жапаров бул багытта өзүнө Конституция боюнча ыйгарылган укук ченеминде чоң кадамга барды деп! Мурдагы президенттер ойноп туруп алышпадыбы беле? Фермерлердин салык түйшүгү эми республикалык бюджетке жүктөлдү. Андан дагы кызыгы, келерки жылдан баштап фермерлерге болгон кредиттер жылына 6%дык өлчөм менен чектеле турган болду! Мунун баары азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышта болду десек жарашат. Президент жерди ээлеп алган “эргулдардын” эффективдүү иштетпей жүргөндүктөрүнө дагы көңүл бурду! Мындан ары аталган мүчүлүштүктөргө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катуу жооп беришээрин эскертти. Айыл өкмөттөрү менен акимдердин персоналдык жоопкерчиликтерине басым жасады. “Айыл Банк” менен “РСК Банктын” ишмердүүлүктөрүнө дагы эскертүү берди. Фермерлердин өндүргөн продукцияларын экспортко чыгаруу боюнча иш-чараларды күчөтүүнү Министрлер Кабинетине жүктөдү. Чынында эле өкмөт эмне үчүн “заготконторлорду” калыбына келтирип, дыйканга жардам берүүгө болбосун? Ортодогу “кызыл кулактар” жоголот эле!
- Туура айттыңыз. Бирок, жердин салыгы менен пенсияга чыккандардын абалы кандай болот?
- Жер салыгын Акаев киргизген. Ал кадам шылуун адамдарга кеңири жол ачкан долбоор болчу. Фермерлер менен дыйкандарды шүдүңгүт ортомчулар менен кызыл кулактарга салып беришкен. Эсиңердеби, төө буурчак, пахта, тамеки, ири мүйүздүү мал менен койлорду сатуу менен байланышкан түйшүктөр? Өзү пенсиялык фонддун ресурстары укмуш чоң. Аны бүгүнкү күнгө чейин эле шылуун жетекчилер уурдап келишет. Мыйзамга ылайык мамлекеттик бюджет менен деле аларды колдоп койсо болот. Бул жерден мен эч кандай проблеманы деле көрбөй турам. Тескерисинче, фермер менен дыйкан өздөрүнүн өндүрүмдүүлүк дараметин күчөтөт. Жапаровдун Жарлыгынын күчү мына ушунда!
- Ажонун аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр баасын арзандаткан жарлык чыгарганы аларга жеңилдик бергениби?
- Президент Садыр Жапаровдун кийинки Жарлыгы жарыкка болгон тарифтин төмөндөтүлүшү болду. Эл бул кадамды күткөн болчу. Мурдагы президенттер бул маселеден митайымдык менен качып, ойду-тоону сүйлөшүп, баш толгоп келишкен. Бул маселени президент Коопсуздук Кеңешинде көтөргөн болчу. Эми ошону Жарлык менен бекемдеп жатат. Жакшы кадам. Жарандардын категорияларына жараша электр энергиясынын тарифин төмөндөтүү механизмин иштеп чыгуу тапшырмасы Министрлер Кабинетине катуу тапшырылды. Айрыкча, 16 жашка чейин балдары бар үй-бүлөлөргө көңүл буруу маселеси көтөрүлгөнү жакшы болду. Демек, жарды абалга тушуккан үй-бүлөлөргө бул Жарлык сөзсүз түрдө жеңилдик берет.
- Баса, Президент Садыр Жапаров бир катар социалдык мекемелердеги тамактанууга каралган акча каражатын эки эсе көтөрүү тууралуу да жарлыкка кол койду. Президенттин бул аракети жана кадамы мамлекеттик камкордуктун башталышыбы?
- Социалдык мекемелердеги балдардын абалы 30 жылдан бери эле абдан аянычтуу болуп келет. Буга биринчи иретте, жергиликтүү бийлик менен Социалдык коргоо министрлиги күнөөлүү. Бул эки мекемеде эң чоң коррупциялык иштер болуп келген жана дагы деле күчүндө. Ар бир баланын тамагына күнүнө 110 сом бөлүнгөн ишкана эмне кыла алат? Өздөрүнүн чарбасын өркүндөтүүгө жергиликтүү мафия жол бербейт! “Балык башынан сасыйт” дегендей Социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандагы эң жийиркеничтүү мекеме болуп калды. Канча жетекчилери камалып кетишти. Дагы деле болбой жеп-ичүүнү улантып келишет! Ошондуктан, президент кечээ балдардын тамагына бөлүнгөн каражатты эки эсе көтөрүүнү тапшырды. Эми байкап туралычы. Мафияга жана коррупцияга белчесинен баткан министрлик дагы кандай “өнөрүн” көрсөтөт экен? Менин ишенимим жок! Президент мамлекеттик камкордукту колуна алып жатат. Рахмат. Бирок, тиги “мафиозниктер” тоготушпайт го?