Печать
Категория: Коом
Просмотров: 217

- Руслан байке, шайлоодо бийлик кийлигишип, кайсы бир талапкерди сүрөп, административдик ресурс колдонулган жокпу?

- Шайлоо таза өттү. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бийлик кийлигишпеген, элдин тандоосуна толук шарт түзгөн, эркин шайлоо болду. Образдуу айтканда, 28-ноябрда Европадагыдай таза шайлоо өттү. Мен үч жолу шаардык кеңештин шайлоосуна катышып, эки жолу депутат болгон, вице-спикер болгон адаммын. Мындай таза шайлоону өмүрү көргөн эмесмин. Кыскасы, сервердин перезагрузка болгонунан шек санап, таза шайлоого шек келтирбешибиз керек. Тескерисинче, Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөн таза  шайлоону камсыздагандарга ыраазычылык билдиришибиз керек.

- Бирок, айрымдар “аты-жыты жок партиялар жеңип келди”- деп капа болуп жатышат го? 

-Менимче, узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жеткен тарыхы бар партиялардан эл чарчады. Алардын жүргүзгөн саясатына макул болбогондор жаңы жана жаш партияларга добуш берди. Тагыраагы, эл бу сапар жаңы жүздөргө басым койду. Ошон үчүн эл таза жана жаңы партияларга ишеним артты. Жаштарга колдоо көрсөттү. Ошондой эле талапкерлердин эл арасында кадыр-баркына жараша добуш беришти. Ошон үчүн эски саясатчылар көп добуш алгандарга чычалабашы керек.

- Бирок, нааразы тараптар “шайлоо жокко чыксын” деп талап кылып жатышат го?

- Спортто деле бири жеңет, бири жеңилет. Жеңгени кубанат, жеңилгени жеңилгенин мойнуна алат. Шайлоодо жеңилген партиялар элдин тынчтыгын бузуп, чуу чыгарбай, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн аз добуш алгандарын моюндарына алышы керек. Эгер “добуш уурдалып кетти, биздин добуштар туура саналбай калды”- деп күмөн санашса, анда добуштарды кол менен санаганды күтүп, сабыр кылып турушу керек. Кол менен санаганда шек санаган жагдайдын баары жоголот.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №36 (520), 01.12.2021-жыл