- Каныбек агай, бийликтин “таза шайлоо өткөрөбүз” деген аракети ишке аштыбы?
- Шайлоо быйыл салыштырмалуу жакшы өттү десек болот. Элдин дагы маанайы былтыркыдай эмес. Былтыр эң ыплас шайлоо болгон. Ошондо эле БШКнын мүчөлөрүн толугу менен алмаштырып койсо болмок экен. Мына быйыл дагы шайлоонун ашмалтайын чыгарганы турушат. Президент таза шайлоо үчүн жан үрөп аракет кылып жатат. Бирок аны алдап же укпай жүргөн чиновниктер бар. Алардын көз боёмоочулуктары менен кээ бир жерлерде добушту сатып алуулар болду. Бир нечеси колго түшкөнү буга далил. Ал турсун бир белгилүү талапкер шайлоодон четтетилди го! Адмресурстун дагы көмүскө жолдору орун алганын айтып жатышат. Акча таратуунун дагы жаңы жолдорун таап алышыптыр. Мисалы, дүкөндөрдөн азык-түлүк алып бермей, тойго чакырмай жана башка амалкөйлүк аракеттер болду. Бирок, жалпысынан шайлоо өнөктүгү дурус болду. Бир гана БШКнын борбордук серверине байланышкан окуя мени ойлонтуп турат!
- Шайлоо таза өттү дегенибиз менен шайлоо жокко чыксын дегендер пайда болду? Шайлоо жокко чыгышы керекпи?
- Бизде, кыргыздарда “шайлоо таза өттү" деген түшүнүк какшыкка айланып калган. Эл ишенбейт. Анткени, 30 жылдан бери бийлик шүдүңгүттөрү карапайым элдин үмүтүн биротоло суу сээп өчүрүп койгон. Азыр дагы ошол эффект иштеп жатат. Бирок, бул сапар шайлоо бир топ эле таза өттү десек болчудай. Аттиң дей турган нерсе, БШК кезектеги өнөрүн көрсөттү. Түз жерден АСУсу иштебей калып, атаандаштардын ортосуна чок салып коюп, анан жигердүү түшүндүрүүнүн ордуна ойт берип чекеге чыга берди! Муну оппозициялык партиялар иле качып, бийликке прессинг жасап киришти. Аларды дагы түшүнсө болот. Кээ бирлери көп добуштарын жоготуп алгандай болушуптур. Эгер чын болсо, анда БШКга убал жок. Президент өзү эскерткендей, катуу жазаланышат жана сот жообуна тартылышат. Оппозициянын шайлоонун тазалыгына байланыштуу каршылыгы эми саясий талаптарга айлана баштады. Мен ушундан чочулап турам. Президент консенсуска барып, сүйлөшүүлөрдү тез арада жүргүзүүсү зарыл. Анын ишенген айлана-чекесиндегилери дагы ушул багытта аракет кылышса жакшы болмок, бөгүп жатып алышбай! Азыр абалды добуштарды кол санак менен таза өткөрүү жана баардык күчтөрдүн консолидациясына жетишүү гана сактай алат.
- “Узун тарыхы бар партия эмес, аты-жыты жок партиялар өттү, андай болушу мүмкүн эмес”- дегендер да болуп жатат. Мүмкүн эл жаңы жүздөргө, жаштарга ишеним артып жаткандыр...
- Өзү, биз кыргызстандыктар саясий партия деген бир эле сонун классикалык түшүнүктөгү тарыхый феноменди өлтүрдүк. Партияларды бапестеп бага албадык. Аны күчтүү саясий куралга айландыра албадык. Партлидерлер аны жеке менчик акча жасай турган ишканага айлантып алышты. Коомду бузушту. Преференциялык добуш берүү дагы алардын кызыкчылык "карталарын" бузуп жиберди. Анан авантюраларга өтүштү. Сепараттык жолго түшүп алышты. Кайдагы узун тарых?! Чөп кайтарган итке окшошушуп, жаштарды тартмак турсун, алгачкы мүчөлөрүн жана электораттарын жоготуп алышты. Ал эми жаңы түзүлгөн партиялар деле утурумдуктар. Алар парламентке келген күндө дагы бирдиктүү монолит болуп иштей алышпайт. Алардын башын бириктирген жалпы идея жок. Ошондуктан ал эргулдардын көбү бийликти акмалап күн өткөрүшөт. Элге бир тыйын пайдалары болбойт. Натыйжада, саясий партия деген түшүнүккө дагы бир жолу сокку урулат. Колотторго бөлүнүп алып жашоо принциби улана берет. Коом бузулат. Өлкөнүн стабилдүүлүгүнө доо кетет. Жаңы жүздөр кыйын болушса партиясыз эле топ жарып келишет.
Булак: “Майдан.kg” гезити, №36 (520), 01.12.2021-жыл