- Тынчыйт экен десе, өлкөнү башыңарга кийип алчудай айтасыңар тим эле. Силер шайланбасаңар эле Кыргызстан кыйрап калчудай, жашообуз өтпөй калчудай, эл силерге суусап акактап тургансып.
Кечээ элдин келбей койгону да так ошол экстерден, айрым жаңы бараткандардын ашынган амбициясынан, куру сөзүнөн башка башында балекет да жогун калыс эл билип жийиркенип бүткөнүнөн билсе болот. Болбосо бир тыйыны жок Эрулан Көкүлөвго 16 миңден ашык добуш берилбейт эле. Эл жаңыланууну аябай каалап калыптыр, акырын картаны ачып койду. Эл катары мен да каалайм. 
Элдин тандоосун сыйлагыла да, мамлекети башыңарга кийе бербей!
Акылбек Жапаров  кетсин деп койгондобу? Ал киши силердин ишиңерге аралашкан дагы жок!! Болгону таза шайлоону камсыздап берди. 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №36 (520), 01.12.2021-жыл