Журналист Кудрет Тайчабаров стал новым главой СЭЗ «Бишкек»

Мурдагы журналист, азыркы Бишкек СЭЗдин жетекчиси Кудрет Тайчабаров кээде мактанып, “кыйын болом” деп атып  ойду-тоону сүйлөп алмайы бар. Анысын көп учурда өзү деле байкабай калат.  

Президент С. Жапаровдун абактагы Равшан Жээнбековго добуш бергени боюнча пост жазып, анда “көзүндөгү чылпагын алам деп, көзүн оюп алгандай”  эле болуптур. Тагыраагы, постунда ал С.Жапаровдун кезиндеги Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөздөрүн, айткандарын ошо кездеги депутат Р.Жээнбековдун жардамы менен алдырып турганын, аны карындашы Адинай  Марипова абакка ташып турганын, ошолордун жардамы менен түрмөдө жаткан С.Жапаров  шайлоочулардын 80 %ынын  көңүлүн өзүнө бурдурганын жазып мактаныптыр. 
Юридикалык жактан алганда, бул посту менен К.Тайчабаров 3 кылмыш ишин козгоого себепчи болуп атат. Биринчи кылмыш иши Р.Жээнбековго козголушу керек. Себеби, ал  ЖКдагы документтерди абакта жаткан адамга жашыруун  берип, мамлекеттик сырларды ачыктап турган. Экинчи кылмыш иши А.Мариповага козголушу керек, ал “соучастница” катары жашыруун маалыматтарды ташып, жеткирип турган. Үчүнчүсү, К.Тайчабаровдун өзүнө козголушу керек. Ал булардын баарын билип туруп, ушул убакка чейин унчукпай келип, эми мактанам деп атып өзү байкабай, аңдабай балп эттирип салды. 
Тайчабаровдун айтымында, муну менен Р.Жээнбеков президент С.Жапаровго жакшылык кылып, ошон үчүн ага добушун бериптир. Бирок адилеттүүлүк үчүн айта турган болсок, Р.Жээнбеков менен А.Марипованын аракеттеринде кылмыштын курамдары жатат. Алардын бир кездеги мындай аракеттерине укуктук, юридикалык баалар берилип, жоопкерчиликтери каралышы керекпи? Оюңарды айткыла, кесипкөй юристтер, укук коргоочулар?

Булак: “Майдан.kg” гезити, №36 (520), 01.12.2021-жыл