Печать
Категория: Коом
Просмотров: 137
В Бишкеке пропал лидер партии «Ордо» Мирбек Мияров » Происшествия »  www.24.kg - КЫРГЫЗСТАН

“Ордо” партиясынын лидери, Чүй облусунун экс-губернатору Мирбек Мияров 28-ноябрь күнү шайлоого добуш бергени кеткен бойдон дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат коомчулукка тарап, издөө иштери жүргүзүлүп, ИИМ анын акыркы жолу кимдер менен байланышта болгонун, каякка барганын аныктоо аракетин көрүп жаткан.
Үй-бүлөсү, жакындары, атүгүл партиялаштары да анын дайынсыз жоголгонун айтып, мунун себебин УКМКдан көрүп жатышкан. УКМК да өз кезегинде билдирүү таратып, Мияровдун тарапташтарынын каралоосун төгүнгө чыгарган.
Анан эле 30-ноябрь күнү түш оой Мияровдун аялы ИИМге кайрылып, Мияровду издөө иштерин токтотууну суранып, эч кимге доо-арызы, кусаматы жок экенин билдирген.
Көрсө, “атың чыкпаса жер өрттө” дегендей эле, көлөкөсүнөн корккон Мияров жөн гана шайлоо алдында элдин көңүлүн өзүнө бургусу келип, жоголду деген жомок токуп чыгып, коомчулукту дүрбөтүп, өзүнөн кандайдыр бир чоң “саясий ишмер” жасоону көздөгөн экен. Анын айтымында, Мияров эч кандай жоголбой-этпей эле, тоодогу чарбасына мал-жанын карап келгени кеткен имиш. Кашайып тоого баргандан кийин телефонунун кубаты түгөнүп, машинасы бузулуп калган. Бул жомокко ким ишенет? Андай болсо 2 күн Мияров тоодо кантип жан сактады?
Эгер, Мияров өзү ойлогондой кыйын саясатчы болсо бийликти басып алууну көздөгөн адамдардын тобунда бар экенин, алар шайлоодон кийин эптеп ызычуу чыгарып, өлкөгө төңкөрүш жасамыш этип бийликти басып алууга камынышканын, бирок анысы билинип калып тарапташтары УКМКнын укуругуна илингенде эптеп жан сакташ үчүн тоого чыга качканын, ал жакта жашынып жатканын жакындары, үй-бүлөсү билгенин ачык айтпайбы.
Баарынан күлкүлүүсү Мияровдун акылынын ушуга араң жеткенинде. Же эмне 2 күн жоголумуш болуп койсо күч органдарынын Мияровго боору ооруп, кылмыш жоопкерчилигинен куткарып коет дегениби, айтоор белгисиз. Ушундай адамга үмүт арткан кайран эл. Жашабай жатып моралдык жактан бузулуп бүткөн, бузукулук канына сиңип калган Мияровдон кандай саясатчы чыкмак эле.

Булак: Фейсбук