Бүгүн, 28-ноябрда кечки саат 18:00гө карата парламенттик шайлоого добуш бергендердин саны бирдиктүү шайлоо округу боюнча 1 млн 50 миң 163 жаран катышты.

Муну менен шайлоого катышуу көрсөткүчү 28,36 пайызга жетти.

Жалпы шайлоочулардын саны 3 млн 703 миң 420.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча катышуу 28,66 пайыз болуп, добуш бергендердин саны 1 млн 37 миң 373 киши болду.

Чет өлкөлөрдө тизмеге кирген 84 миң 128 жарандын ичинен 6 миң 609 (7,86%) адам тандоосун жасады.