Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир кары Ракиев бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, муфтий жарандык милдетин Ысык-Ата районундагы №7147 шайлоо тилкесинде аткарды.
Добуш берип чыккандан кийин муфтий шайлоонун тынч өтүүсүнө тилектештигин билдирип, элибизге амандык, биримдүүлүк жана ынтымак каалады.