Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында Жаңы жылдык башкы балаты орнотула баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Учурда балатынын каркасы орнотулуп жатат. Аянттын айланасы тосулуп, кызматкерлер иштөөдө. Монтаждоо иштери бүткөндөн кийин «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери балатыны кооздой баштайт.