Айрым мектептер шайлоого карата аралыктан окууга өткөнү тууралуу маалымат тараган. Бирок  Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева мындай маалыматты четке какты.

"Бул туура эмес маалымат. Мектеп окуучулары 29-ноябрда гана аралыктан окуйт. Анткени шайлоонун эртеси дарыгердин сунуштамасы боюнча имаратка дезинфекция жасалышы керек. Калган күндөрү кадимки тартипте, мектептен билим бериле баштайт. Себеби сасык тумоо жана коронавирус боюнча абал туруктуу", — деди ал.