БШК жаңы эреже менен өтө турган парламенттик шайлоонун бюллетенинин үлгүсүн көрсөттү. Анда шайлоочу үч тандоо жасайт. Ошондой эле, кайсы талапкерге добуш бергенин көрүп - билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бул ирет шайлоо аралаш система менен өтүп жатат. Пропорционалдык тутум боюнча бюллетендин үстү жагына 21 партиянын аталышы, астына 54 нумерация коюлат. Жаңы эрежеге ылайык, шайлоочу алгач партияны, андан соң конкреттүү бир талапкердин тизмедеги катар номерин тандашы керек.

Ал эми бир мандаттуу округдан көрсөтүлгөн талапкерлерге добуш берүү мурдагыдан айырмаланбайт. Талапкердин аты-жөнү жазылган номердин тушуна белги коюу жетиштүү.