Печать
Категория: Коом
Просмотров: 129

Окуя Москва шаарында болду. Россиялык белгилүү блогер Хусейн Гасанов Instagram баракчасына видео жүктөдү. Анда блогер таксисттерге кайсы бир дарекке бекер жеткирүүнү сунуштап, кимиси макул болсо, ага автоунаа белек кылууну ниеттенген. Бирок көп таксисттер бекер жеткирүүдөн баш тартышкан. Бир гана кыргызстандык таксист жардам иретинде жеткирүүгө макул болгон. 

Айдоочу жолдо бара жатканда автоунаасын ижарага алып иштээрин жана кызына операция жасатуу керектигин айтып берген. Жыйынтыгында, кыргызстандык айдоочу жаңы автоунаалуу болду.