Озерный айылындагы мектепте окуучулардын сырттан бут кийим алмаштырып жатканын чагылдырган видео тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымат берди. 

Эске салсак, видео "Кактус.медиа" сайтына жарыяланган. 

Анда айтылгандай, окуучулар мектепке кирээр алдында бут кийимин алмаштырууга милдеттендирилген. Мындан улам, кандай аба ырайы болбосун, балдар сырттан бут кийим алмаштырышат. 

Аталган министрлик  Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмү менен байланышканда, мектеп жетекчилиги буга чейин мектептеги тазалыкты сактоо максатында тиешелүү чечим кабыл алынганын айтышкан. Кабыл алынган чечим боюнча бут кийимди которуу кезеги менен мектептин холлунда жүргүзүлмөк болгон. Ал эми сырттан бут кийим алмаштырып жаткандар, кезек күткүсү келбегендер. 

Министрлик мектеп директору Токтоназаровага эскертүү берип, балдарга ичкериден бут кийим алмаштыруучу жылуу жай уюштуруп берүүнү айткан.