Борбор калаанын соода түйүндөрүндө 3 миң сомдук көмүр түгөнүп, мындан ары сатылбайт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, 23-ноябрда Бишкекке 317 тонна көмүр алып келинген. Жакында ал 3000 сомдон сатыла баштайт.

"Кара-Кечеде иш кадимкидей жүрүп жатат. Учурда 3 миң сомго көмүр алууну каалаган тургундар көп. Кечээ Бишкекке 317 тонна көмүр алынып келинди. Импорттолгон көмүр чоң көлөмдө чогултулгандан бир-эки күндөн кийин сатыкка коюлат.

Буга чейинки 200-300 тонна көмүр тез эле сатылып кетип, көптөгөн тургундарга жетпей калды. Дагы ушундай болуп калбашы үчүн көбүрөөк чогулталы деп жатабыз. Бүгүнкү күндө дагы 707 тонна көмүр Кара-Кечеден Бишкекке жөнөп кетти", - деп билдирди аталган ишкана.