КР УКМК тарабынан буга чейин Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгүндө (Шайлоочуларды сатып алуу) каралган кылмыштын негизинде, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, шайлоочулар арасында акча каражаттарын бөлүштүрүү учурунда Бишкек шаарынын бир мандаттуу округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер К.Жолдошбаевдин ишенимдүү өкүлү кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Конституциялык Мыйзамын бузуу менен, Бишкек шаарынын Ленин районундагы №2 жана №4 Муниципалдык аймактык башкаруусунун кварталдык жана үй комитеттеринин айрым өкүлдөрү жана алардын жакын туугандары акчалай сый акы үчүн мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүшкөнү, ошондой эле алардын айрымдары КР ЖК депутаттыгына талапкер К.Жолдошбаевдин пайдасына шайлоочуларды сатып алуу процессине түздөн-түз катышканы аныкталды.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан аныкталган административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча, кварталдык жана үй комитеттерине карата  тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн КР БШКга жана Бишкек шаарынын мэриясына материалдар жөнөтүлдү.

КР УКМК административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестигин, КР ЖК депутаттыгына талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан КР шайлоо мыйзамдары бузулган учурда, КР колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде катуу чаралар көрүлөөрүн эскертет.