УКМКнын Ат-Башы районундагы бөлүмүнүн ардагерлери Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдиришти.

"Тарыхка көз чаптыра турган болсок, буга чейин Ат-Башы районуна атайын кызматтын башчысы бир да жолу барган эмес экен. Ал эми учурда Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Камчыбек Ташиев кызматка киришкенден бери касиеттүү Ат-Башы районуна эки жолу барды. Биринчисинде жеринде абалды көрүп кеткен болчу. Экинчисинде мына бүгүн атайын кызматтын жаңы имаратын ачканы барды. Аталган имаратты К.Ташиев жеке көзөмөлүнө алып, 4 айда бүтүрдү.

Дагы бир факты. Ат-Башы районунда атайын кызмат иштей баштаганына 42 жыл болгон. Ошол убакыттан бери Ат-Башыга атайын кызматтын бир да жетекчиси барган эмес. 42 жылда бир да жетекчи барбады, а бирок, Камчыбек Кыдыршаевич бир жылда 2 жолу барды! Атайын кызматтын ардагерлери Сизге, Камчыбек Кыдыршаевич, ыраазычылык билдиребиз!" - дешти ардагерлер.