Печать
Категория: Коом
Просмотров: 330

Сузак районунан депутаттыкка аттанган Жусупжан Жээнбеков, Эмил Жураев ж.б. айрым талапкерлер видеокайрылуу жасашып, райондук бийлик “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын гана кызыкчылыгы үчүн иштеп жатканын айтышкан. Алар конкреттүү түрдө Сузактын акими Баратбек Сыдыкназаровду эл менен жолугушууларына тоскооолдук жаратканын айтып, административдик ресурс пайдаланганы үчүн айыптап чыгышкан.

Сузак районунун акими Б.Сыдыкназаровдун “Саясат.kg” маалымат агенттигине билдиргенине караганда, ал бул видеокайрылуу боюнча райондук ИИБге түшүнүк кат жазып берген: “Бул маселе боюнча РИИБге дагы түшүнүк кат жазып, көрсөтмө бердим. Атайын териштирүүнүн негизинде бул талапкерлер айтып чыккан факт далилденген жок. Баары мыйзам чегинде кетип жатат. А мыйзам боюнча жергиликтүү бийлик талапкерлердин жолугушуулары жөнүндө элге кабарлоо гана берет. Элди чогултуу берүү биздин милдет эмес. Айыл башчылары талапкерлердин жолугушуулары жөнүндө элге убагында кабарлаган. А бирок, алардын жолугушуусуна эл келбей жатса, бизде эмне күнөө? Башка аттуу-баштуу талапкерлер элди чогултуп эле жатышат го”.

Эске салсак, Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан 10 талапкер катталган.