
(Эркин Тентишев)
Президент Садыр Жапаров буга чейин бир нече жолу мамлекеттик кызматкерлерге шайлоого аралашпоосун талап кылып, кайсы бир партияны же талапкерди колдоп чуркаганы билинип калса, ошол замат кызматынан ким экендигине карабастан алынаарын айткан болчу.
Учурда Чүй облусунда абал оорлошуп жатат. Сары Өзөндөн талапкерлигин койгондорго облус жетекчилиги тарабынан болуп көрбөгөндөй коркутуулар, кысымга алуулар орун алганына эмне десек болот? Чүйдүн губернатору Эркин Тентишев өзүн хандай сезип, “мен турганда Чүйдөн жалгыз менин балам депутат болушу керек”- деп опурулганы кандай? Губернатор ачык эле: “Уулу Бакыт “Ынтымак” менен баратат, ошону колдойсунар, колдоп, иштебесенер шайлоодон кийин кызматтан кетесинер”- деп акимдерге, алардын орун басарларына, айыл өкмөттөргө кысым көрсөтө баштаганы айтылууда.

(Бакыт Тентишев)
Чүй облусунун аппарат башчысы Болот Саткеев “шефинин” алдында жагынууну ойлоп, анын көрсөтмөлөрүн жеке көзөмөлгө алып жатканын баса белгилеп коюу зарыл.
Эми суроо: эмне үчүн президентибиз Садыр Жапаров Э.Тентишевдин бул акмакчылыгына көңүл буруп, чара көрбөй жатат? Өзүнүн сөзүндө туруп, губернаторду кызматтан алса, Чүйдө шайлоо ачык өтөт эле. Талапкерлер, эл чындап ыраазы болмок. А эгер Тентишевдин кылыктарын көз жумду мамиле боло турган болсо, Чүйдө шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык чыгаарына бөркүңүздөй ишене берсеңиздер болот...

(Болот Саткеев)