«Аэро Номад Эйрлайнс» жаңы ата мекендик авиакомпаниясынын Бишкек-Дели-Бишкек маршруту боюнча алгачкы каттамы учуп келди. Чартердик каттам 2021-жылдын 19-ноябрында Airbus А320 аба кемесинде ишке ашырылды.

Авиакомпания Бишкек-Дели-Бишкек маршруту боюнча каттамдарды ар жума сайын ишке ашырууну пландоодо.

Белгилей кетсек, тийиштүү иштердин жыйынтыгында 2021-жылдын 5-ноябрында «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация департаментинен эксплуатантынын сертификатына (АОС) №57 ээ болгон.

“Эл аралык жарандык авиация уюму жөнүндө” 1944-жылдагы Чикаго Конвенциясынын №6 тиркемесинин жоболоруна ылайык, «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Кыргыз Республикасынан/Кыргыз Республикасына туруктуу жана чартердик каттамдар менен жүргүнчүлөрдү ташууга укуктуу.