Борбордук шайлоо комиссиясы №8 Төлөйкөн шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Шайлообек Атазов жана “Азаттык” партиясынан талапкер Төлөнбай Нурбаев, ошондой эле Социал-демократтар партиясынын төрагасы Темирлан Султанбековго айып пул салды.
Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлайт.
Шайлообек Атазов Ош шаарында шайлоочулар менен жолугушууда жоолук маселеси тууралуу айтып, ага каршы болгон жетекчилердин жоопкерчилиги караларын айткан.
Талапкер Төлөнбай Нурбаев шайлоочулар менен жолугушууда эгер депутат болуп шайланып калса, жарандардын дин маселеси боюнча мыйзамдарды демилгелеп, жоолук салынуу сыяктуу диндин атрибуттарын колдонуу маселелерин чечеринн ишендирген убадаларды айткан.
Президенттин алдындагы Коррупцияга каршы ишкер кеңеш 19-ноябрда КТРКнын түз эфиринде КСДП фракциясынын депутаты Темирлан Султанбековдун тегерек столдо сүйлөгөн сөзү боюнча БШКга маалымат жөнөткөн. Султанбеков Кыргыстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Ыйман” фондун ачып, имамдардын айлыгы мамлекеттин эсебинен төлөнө баштаганын айткан. Султанбеков бул нерсе азыр токтоп калганын жана фонд ишин жандантат деген үмүтүн билдирген.
БШКнын жумушчу тобу анын сөзүндө мыйзам бузуу болгонун белгилейт.
Жумушчу топтун маалыматына караганда, үгүт иштеринин жүрүшүндө диний темадагы маалыматтарды көрсөтүүгө же колдонууга жол берилбейт.
БШК Бузуулар жөнүндө кодекстин 44-беренесине ылайык, жогоруда айтылган үч талапкерге тең айып салуу чечимин кабыл алды. Айыптын суммасы 7,5 миң сомду түзөт.
"Марал радиосу"