Печать
Категория: Коом
Просмотров: 97

Юбилейлик жүргүнчү 2021-жылдын 20-ноябрында “Аэрофлот” авиакомпаниясынын каттамы менен Москва шаарына учуп жаткан Джумабаева Чолпон болгон.

Бул тарыхый окуя  себеби - «Ысык-Көл» аэропорту алгачкы жолу 100 миң кишилик чектен ашты. Тактап айтсак, аэропорт 2021 - жылы 1000дег ашык рейсти тейлесе, бүгүн 100 000-чи жүргүнчүсүн тейледи. 

«Аймактардагы аэропортторубуз да өнүгүп, 100 миң кишилик чекке жеткенине  кубанып турабыз  Бул биз үчүн жакшы көрсөткүч. Биздин жүргүнчүбүздү чын дилимден куттуктайм”, - деп белгиледи "МЭА" ААКнын Башкармалыгынын Төрагасы  Бакыт Шаршеев.

Өз кезегинде, «Ысык-Көл»  Эл аралык аэропортунун башчысы Алмаз Абдрахманов  жүргүнчүнү куттуктап, ага  бренд төш белгисин жана сувенирдик продукцияны тапшырды.

"Мындан ары да жүргүнчүлөрдүн коопсуз учуусу үчүн шарттарды түзүп, өнүктүрө бермекчибиз", - деп билдирди А. Абдрахманов. 

"Аэрофлот"  авиакомпаниясынын өкүлү Алиса   Васильчикова Россиядан Кыргыз Республикасына кайра кайтып келүү үчүн сертификат тапшырды.

Белгилей кетсек, буга чейин “Ысык-Көл” аэропорту жайкы туристтик сезондо гана иштеп келсе, өткөн жылдан баштап жыл бою каттамдарды кабыл ала баштаган.