Печать
Категория: Коом
Просмотров: 297

Учурда эмне көп, сынчы көп. Конокко келгендей болуп, Кыргызстандын маселелери ага тиешеси жоктой, коомай жашап жүрүшүп эле, бийликти сынга алууга келгенде алардан ашкан даанышман жок болуп чыга калышат. Бакыт Калмамбетовдун Баткен көйгөйү боюнча күйүп-бышкан сөзү Текебаевди элестетти. Кантсе да анын мектебинен чыккан, кантип керек кезде эл-журтка күйүмүш болуп калышты жакшы үйрөнгөн да. “Бешиктен бели” кечээ эле чыккан Калмаматов бийлик башындагыларга акыл үйрөтүп жатат. Анын оюнча, чыр чыгып, жарандарыбыз курман болсо да, чек араны жаппай коюшубуз керек экен. Чек араны жабуу менен маселе чечилбейт дейт. Экономиканы көтөрүп алып, аңырайтып ачып койсо да, бизге эч ким кол сала албайт экен. Бул жигит Кыргызстанда туруктуу эле жашап келатабы же асмандан туруп жерге анда-санда көз салып койгондордун бириби? Биринчиден, чек арада апрель айынын соңунда чыр чыгып, ал куралдуу кол салууга айланып, бир канча кыргыз жараны өмүрү менен кош айтышканда, жергиликтүү калктын биринчи талабы эмне болду эле. “Чек араны жапкыла!” – дешпеди беле?! Чек араны жабуу менен гана тажик тарапты тынчытууга аргасыз болушкан. Экинчиден, ошондой оор күндөрдө Баткенде күнү – түнү уктабай, коңшу өлкөнү эпке чакырууга ким аракеттенди? УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев эмеспи?! Калмаматов жылуу төшөгүндө уктап жатканда, УКМКнын төрагасы кан жуткан элдин жанында, күйүтүнө жүрөгүн күйгүзүп жүргөн. Ушунчалык Баткенге күйсө, Баткенди өнүктүрүүгө көзү жетсе, Калмаматов ошол убакта коңулдан чыгып, бир айгай салып койбойт беле.  Чек ара маселеси 30 жылдан бери ириңдүү жараатка айланып келгени баарыбызга маалым. Бул көйгөй бир жыл, жарым жыл мурда пайда болгон эмес. Калмаматов, анын саясаттагы устаты Текебаев бийликте, парламентте турганда деле чек ара аймагы жаңжалдан башы арылбай келген. Азыркы акылын ошол убакта айтып, аны ишке ашырса, бирөө кой дейт беле. Эмнеге “көсөөнүн акылы түштөн кийин” болуп жатат?! Мындай, популисттердин самынына эл алда качан кол жууган. Андыктан, эмне максатта, эмне үчүн “күйүп-бышып” жатканын жакшы билишет.

Бакыт Калмаматов артындагы кыңыр иштери унутулуп кетти деп ойлойт окшойт. Коррупциялык иштерди жасап, көпчүлүктүн нааразычылыгына калганын өзү унутуп калса да, башкалар унута элек. Жаш туруп элдин, болгондо да майыптардын акысын жеген адамда абийир жашабайт. Ал абийирин жашабай жатып "жутуп" койгон. Жок дегенде, ушундайлар оозун жаап, тынч отурса болмок.