Көмүрдүн кымбаттап кеткенине байланыштуу элдин нааразычылыгы көбөйгөн болчу. Бул маселени президент Садыр Жапаров жакында түздөн түз өзү кийлигишип чечип берди. Учурда бир тонна көмүрдүн баасы 3 миң сомдон сатылууда. Экс-депутат Рамазан Дырылдаев бааны жогорулаткандарды жоопкерчиликке тартуу керек деп эсептейт. 

– Көмүр саткандар учурдан пайдаланып, көбүрөөк пайда көрөлү деп баасын көкөлөтүп жиберишти. Кыштын келишинен пайдаланып, чайкоочулар да көмүргө болгон бааны асмандатып жиберишти. Министрлер кабинети болсо президент качан көмүр маселесин көтөрөт дебей, эбак эле көмүр баасын көзөмөлдөшү керек болчу.  Мүмкүн президентти жаман көрсөтүш үчүн кырдаалды атайылап курчутушкандыр. Эми президент  көмүрдүн баасын арзандатып эле тим болбой,  кимдер кымбаттатып, абалды оорлоштурганын  иликтетип, ким күнөөлүү болсо, ошону жоопко тартышы керек, - деди  Дырылдаев.