Интернет тармагында "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын кызматкеринин Бишкек шаарынын тургундарына болгон видеокайрылуусу жарыяланды. Анда кызматкер президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен көмүрдү жүктөөгө жүк ташуучу унаалар бөлүнгөнүн кабарлады.
"Бишкекке көмүр жүктөлгөн 91 унаа кетти, көмүрдүн баасы 3 миң сомдон ашпайт. Учурда дагы 86 унаа көмүрдүн жүктөлүшүн күтүп жатат. Суткасына 10-12 тонна көмүр алынып жатат. Ызы-чуу салып, паника кылууга негиз жок, көмүр баарыбызга жетет", - деген ал.