Печать
Категория: Коом
Просмотров: 123

Кечээ, 18-ноябрда БШКнын мүчөлөрү депутаттыкка талапкер Камчыбек Жолдошбаев  кудасынын жардамы менен добуш сатып алууга аракет кылганы боюнча УКМК ачыктаган ишти карады.

Эске салсак, УКМК  депутаттыкка талапкер Камчыбек Жолдошбаевге кудасы Мухтар Сыдыков домком, агитаторлор аркылуу добуш сатып алып берүүгө аракеттенгенин иликтеген.

Жыйынтыгында, БШКнын бардык мүчөлөрү Камчыбек Жолдошбаевди каттоодон чыгарууну колдошту.