Печать
Категория: Коом
Просмотров: 68

Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кеңешмеге биринчи вице-мэр Марс Исаев, жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын, аймактык шайлоо комиссиясынын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү катышты.

Кеңешмеде шайлоого байланыштуу коомдук саясий кырдаалды көзөмөлдөө, шайлоо участкаларындагы даярдык, үгүт учурундагы мыйзам бузуулардын алдын алуу тууралуу сөз болду.

Ош шаарында жалпы 78 шайлоо участкасы бар. Ал эми шайлоочулардын саны 154 миңди түзөт. Бүгүнкү күндө мэрия тарабынан шайлоо өткөрүү үчүн участкаларда керектүү шарттар түзүлгөн. Алдыда добуш берүүчү тилкелерди дезинфекциялоо иштери жасалат.
 

Кабар