«Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы 17-ноябрдан баштап Нур-Султан-Бишкек-Нур-Султан маршруту боюнча авиакаттамдарды жандандырат. Авиакаттамдарды «Эйр Астана» авиакомпаниясы жумасына эки жолу аткарат: шаршемби жана жекшемби күндөрү.
Ал эми, 3-декабрдан тарта аталган маршрут боюнча каттамдар жумасына 4 жолу уча баштайт: дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү.
Учуу убактысы - 1 саат 50 мүнөттү түзөт.
Эскертке кетсек, каттам пандемияга байланыштуу 2020-жылдын башында токтотулган.