(Сүрөттө Ө.Төлөбеков А. Панкратов-Чёрный жана Александр Песков менен)
Жакында гана кызуу талаш менен тартылып бүткөн "Манастын уулу Семетей" тасмасына дүйнөлүк эң кадыр-барктуу 210 миллион кардары бар "Нетфликс" интернет каналы назар салганы белгилүү болду.
"Нетфликс менен кызуу иштешип атабыз. Аларга тасмабыздагы өткөн заман кийим-буюмдары жакты. Эң башкысы дүйнөлүк улуу чыгарманы экрандаштырганыбызга чоң маани коюшту. Уруш (батальный) сценаларды кеңейтүүбүздү суранышты" дейт тасманын продюсери Өмүрзак Төлөбеков.
Продюсер тасмалар көп тилде жарыялануучу эл аралык эң ири онлайн канал менен келишим түзүлүп атканын кошумчалады.
"Netflikx" каналына кыргыз тасмасынын кабыл алынышы улуттук маданиятыбыздын жогорку жетишкендиги болмокчу. Нетфлистин башкы бөлүгүнө буга чейин Орто Азиядан бир да тасма өтө электигин эске алсак, "Манастын уулу Семетей" тасмабыздын аалам элин аралоосу өлкөбүзгө эл аралык аброй алып келээрлиги сыймыктанчу окуя болмокчу.