"Ишеним" партиясынын талапкери Шерзодбек Умарбековдун Сузак районундагы оорукананын Одинохон аттуу кызматкери менен телефон сүйлөшүүлөрү интернетке жарыялангандан кийин талапкерге чара көрүүнү талап кылган билдирүүлөр соцтармактарда пайда болду. Анын бири:

"Депутаттыкка талапкер Шерзод Умаровдун адаттан тышкары жоруктары коомчулуктун үшүн алып турган кез. Билген адамга мурунку шайлоодо "Мекеним Кыргызстан", бүгүн "Ишеним" партиясынын туусунун астында депутаттыкка аттанган Шерзоддун президент Садыр Жапаровдун атына оңой эле жамынып, Сузактагы бардык мамлекеттик органдар, билим берүү органдарына сес көрсөтүп, коркутуп үркүтүүлорго өткөнү - бийлик, укук коргоо жана коопсуздук органдарына кабатырлана турган коңгуроо болушу шарт.

Эсиңиздерде болсо, бир кездерде Акаев бийлиги Кадыржан Батыров деген адамды колтугуна кысып, эркелетип, айтканына көнүп, кареги менен тең айланып жүрүп, жыйынтыгында улут коопсуздугун жарга такаган бузукуну өстүрүшкөн... Андан кийинки бийлик дагы Кадыржан Батыровдун көкүрөгүндө кандай кытмыр ой бар экенин сезген эмес. Мына ошондуктан, бийлик башындагылар эсептешип, чай ичишип жүргөнү, шайлоолор сайын момпосуй жеп көнгөн үчүн Батыров баш болгон улуттук сепаратисттер кандуу Ош окуясын чыгарышкан. 

Бүгүн мына ошол Кадыржандын баскан жолун Шерзодко окшогондор улантып жатышат. Эмне себептен Шерзод өзүң мынчалык ишенимдүү сезип жатат? Анткени, божомолубузда, бийликтин тегерегинде ага бул ишенимди бекемдеген кенкелестер бар окшойт. Болбосо, ал өз алдынча оною менен президенттин атын атап акимди коркута алмак эмес!

Жыйынтыгында эмне? Эгерде Шерзодко окшогондорго бүгүн чара көрүлбөсө, эртең кеч болот.. Бул абдан коркунучтуу коңгуроо! Эсибизге келели, элдин ынтымагы депутаттык креслодон өйдө!" (текст өзгөртүүсүз берилди). 

Шерзодбек Умаров оорукананын кызматкери менен телефондогу сүйлөшүүсүндө добуш берүүгө келген элди кантип үгүттөө жолун ойлонушкан.