Печать
Категория: Коом
Просмотров: 156

"Ишеним" партиясынын катарында Жогорку Кеңешке депутаттыкка ат салышкан талапкер Шерзодбек Умарбековдун Одинахан аттуу дарыгер менен телефон сүйлөшүүсүнүн аудиосу интернетке жарыялангандан кийин соцтармактын айрым колдонуучулары буга чара көрүүнү талап кыла башташты.

"Кыргыз элине тынчтык, ынтымак керек. Чара көргүлө! 

Ачыгын эле айталы, Жогорку Кеңешке аттанган айрым өзбек тектүү талапкерлер «өздөрүн өзү билип, өтүктөрүн  төргө иле» башташты.  Кызыгы, шайлоо мыйзамдарын, үгүт иштеринин талаптарын одоно  бузгандарына карабастан аларга карата эч кандай чаралар көрүлбөй жатат. Жада калса БШКнын да эч кандай реакция кылбай жатканын кандай түшүнүүгө болот? Болбосо, шайлоо мыйзамдарына ылайык, үгүт иштери жүргүзүү мамлекеттик жана расмий тилдерде болушу керек. Ал эми айрым өзбек улутундагы  талапкерлер өзбек тилинде жазгандары аз келгенсип, улуттар аралык ынтымакка доо кетирчү мазмундагы үгүттүк  тексттерди жазышты. Негедир  УКМК да, БШК да ооз ачканга жараган жок. 

Биз мындай көрүнүшкө түшүнүп, түшүнбөй турган чакта «Ишеним» партиясынын лидери Шерзодбек Умарбеков менен   Сузак  райондук ооруканасынын Одинохон деген кызматкеринин телефондук сүйлөшүүсүнүн аудио жазуусу интернет айдыңына чыкты.  Анда Одинохон добуш берүү күнү шайлоо участогунда ак халатын кийип алып,  шайлоочуларды Шерзодбек Умарбековдун пайдасына добуш берүүгө үндөп турарын, ага керектүү добушту камсыз кылып берерин кайра-кайра убадалап,  айтууда. Шерзодбек Умарбеков буга чейин Сузак районундагы айрым кызмат адамдарын «мен бийликчил партиянын өкүлүмүн, колуңардан эч нерсе келбейт» деген тейде коркутуп, опузалап, чектен тыш аракеттерге барып атканы айтылган. Бирок бул боюнча да, телефондук сүйлөшүү боюнча да  эч кандай чаралар көрүлбөй жатканы өкүндүрбөй койбойт. Эмне үчүн фактылар ачык айтылып, жазылганына карабай БШК тийиштүү  чараларды көрбөй жатат?!" - деп жазды бир колдонуучу. 

"Текст өзгөртүүсүз берилди".