Соцтармактардын Болот Байысов аттуу колдонуучусу "Ишеним" партиясынын шайлоо процессинин эрежесин бузууга айыптаган видео жарыялады.
Ал видеодо Токмок шаарындагы №3 мектептин 3- жана 6-классынын окуучулары тартылган. Алардын колунда "Ишеним" партиясынын үгүт газетасы болгон. Окуучу кыздар Ихтибар аттуу аялдын тапшырмасы менен гезитти таратып жүрүшкөнүн айтышкан.
Мындан улам Болот Байызов укук коргоо кызматтарына кайрылып, жаш балдарды үгүт иштерине тартуу фактысы боюнча баа берүүнү өтүнгөн.
Ал эми аталган партия үгүт иштерине жаш балдарды тартышпаганын айтып чыгышты. Алар бул провокация экенин, өздөрү да укук коргоо кызматына кайрылууга ниеттенип турушканын, бардык үгүтчүлөрү келишим менен иштеп жатышканын белгилешкен.