Жалал-Абад облусунда иске ууланган үч баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу КР ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 13 - ноябрдан 14-ноябрга караган түнү Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сеңгир айылында болгон.
Айрым маалыматтарга караганда, балдардын энесинин абалы өтө оор.
Иске ууланып көз жумган балдардын улуусу 6 жашта, эгиздер төрт жашта болгон.