Режиссер Артыкбай Сүйүндүков тарабынан тартылган "Шамбала" кыргыз тасмасы Бүткүл дүйнөлүк Азиат кинофестивалына катышып, негизги сыйлыктардын бири "Көрүүчүлөрдүн симпатиясы призин" утуп алды. Ошондой эле, тасмага фестивалдын башкы демөөрчүсүнүн 10 миң доллар эсебиндеги сыйлыгы ыйгарылды.
Тасма көптөгөн көрүүчүлөрдүн, киноиндустриясынын профессионалдарынын баасына татыды. Көңүл көбүнчө башкы каармандын ролун жараткан Артур Аманалиевге бурулду. Анын актердук чеберчилигине өтө таасирленген көрүүчүлөр андан келечектеги пландары тууралуу сурашты. Тасманы жылуу кабыл алышып, шедевр деп аташты. "Шамбала" тасмасы Оскар академиктери жана Алтын Глобустун журналисттери тарабынан белгиленээрине тасма жаратуучулардын үмүтү чоң.
"Шамбала" Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Эске салсак, кинокартина Кыргызстандын атынан "Оскарга" көрсөтүлгөн.