Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.
БШКнын маалыматына караганда, шайлоочуларга тизмеден өздөрүн тактоого 19-сентябрдан 12-ноябрга чейин убакыт берилген.
Жарандар:
- 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
- https://tizme.gov.kg/ сайтында;
- шайлоо участогунда;
- паспортундагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, шайлоо участогунун номери жана дареги тууралуу жооп алса болот. (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).
Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан паспортундагы дарек маалыматтарын текшере алышат.
Чет өлкөлөрдөгү мекемелерде шайлоочулардын тизмесине киргизилген, Кыргызстандын аймагында убактылуу жүргөн мекендештер 12-ноябрга чейин (кошуп алганда) шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу.
Шайлоочулардын тизмелери өлкөнүн аймагындагы 2435 шайлоо участогунда жана чет өлкөлөрдөгү 59 шайлоо участогунда илинди, ошондой эле шайлоо https://tizme.gov.kg/ мамлекеттик порталына жайгаштырылды.
Шайлоочулардын акыркы тизмелери 2021-жылдын 18-ноябрында Тизме порталына жайгаштырылат.
"Марал радиосу"