Печать
Категория: Коом
Просмотров: 150

Интернет желесине эркек киши аялды сабаган видео тараган. "Короче" Telegram-каналы дагы жарыялаган видео Бишкектеги Дордой-Плаза соода борборунун жанынан тартылып алынганы айтылган. 

Бул боюнча укук коргоо кызматтары тергөө иштерин улантып жатканы айтылды, бирок окуянын чоо-жайы белгилүү боло элек. Маалыматтарга караганда, видеодогу аял менен эркек жубайлар. 

Учурда бул окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

"Аталган факты КР Жазык кодексинин 266-беренесине ("Бейбаштык") ылайык, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Видеодогу аял менен эркек жубайлар экен, тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө", — деп билдиришти Свердлов райондук милициясы.