Печать
Категория: Коом
Просмотров: 91

Кыргызстанда соңку беш жылдын аралыгында телефон аркылуу сүйлөшкөндөрдүн саны эки эсеге азайып, интернет колдонгондор үч эсеге көбөйдү. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин 2016-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын маалыматтык-коммуникациялык технологиялары басылмасында жазылган.

Статистикага ылайык, 2016-жылы уюлдук компаниялар телефон аркылуу сүйлөшүүдөн 20 миллиард 777,8 миллион сом киреше тапкан. Бирок ал сумма жыл сайын азайып отуруп 2020-жылы 10 миллиард 899,2 миллион сомго чейин түшкөн.
Ошол эле учурда интернет-каналдарды берүүдөн кирешеси көбөйө баштаган. Алсак, 2016-жылы кыргызстандыктар интернет үчүн 2 миллиард 974,7 миллион сом төлөсө, 2020-жылы 9 миллиард 57,6 миллион сомго жеткен.

Жалпысынына телекоммуникация чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдөн 22 миллиард 614,1 миллион сом түшкөн.


Sputnik