Печать
Категория: Коом
Просмотров: 159

Учурда айрым массалык маалымат каражаттарында “Ата Журт Кыргызстан” саясый партиясынын мүчөлөрү Бишкек шарындагы дарыканада жана ооруканада иштегендерди кысымга алып партияны колдоого мажбурлап жатыптыр деген маалыматтар чыгууда.

Буга байланыштуу аталган партия маалымат таратып, ММКларда жазылгандарды жокко чыгарды.

“Ата - Журт Кыргызстан” партиясы эч качан мыйзамсыз иштерди жасабай, Кыргыз Республикасынын шайлоо боюнча мыйзамдарын так жана туура сактайт. ММКларга чыгып жаткан бардык маалыматтар жөн гана шайлоонун жүрүшүндөгү атаандаштар же көрө албаган адамдар тарабынан жабылган жалган жалаа. Чындыгы болсо тастыкталып фото, видео күбөлөр менен далилденмек. Бул жерде жөн гана маалымат катары берилүүдө. Биздин бардык талапкерлерге эч качан мыйзамдан чыкпоого, так сактоого эскертүү берилген. Алар мыйзамдан чыкпайт, ошондой эле дарыканада жана ооруканада иштегендерге мыйзамдан чыгууга мажбурлабайт”, - деп билдиришти "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан.