Политолог Бакыт Бакетаев Токтогул ГЭСиндеги суунун деңгээлинин азайышына байланыштуу кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. 

- Кечээ түнкү саат 3тө Бишкектин дээрлик бардык көчөлөрүнөн өтүүгө туура келди. Шаар жарык болуп турат. Чырактар, жарнамалар, ал турмак көп кабаттуу үйлөрдүн короо-терезелери да түн жарымда жарык. А бул убакта Токтогул ГЭСинде суунун деңгээли буга чейин болуп көрбөгөндөй аз. Эмнеге электр энергиясын аз убакытка болсо да, шаардыктар уктап жатканда таң аткыча өчүрүп турушса болбойт? Түн жарымда электр энергиясына анчалык деле зарылдык жок го. Шаардыктар өздөрү да жеке жоопкерчилигин көрсөтүп, үйлөрдү жарыктандырууну жана ток менен иштечү тиричилик буюмдарын жөндөн жөн пайдалана бербесе болот эле. 
Бул жөнөкөй жана натыйжалуу чаралар биздин комфортубузга такыр таасирин тийгизбейт. Абдан эле үнөмдөгүлө дебейм, болгону убакыт – сааты менен колдонуп, керек эмес кезде дароо өчүрүүнү адатка айлантсак. 

Ошондо, биз кыш мезгилин көйгөйсүз өткөрүп алабыз. 

Бул ар бир үй-бүлөгө да, мамлекетке да пайда. Үнөмдөөнүн пайдасын мен өзүмдөн өткөрдүм: акыркы убакта электр энергиясын керек учурда гана колдоном. Андан эч кандай ыңгайсыздык сезбедим, а төлөөгө келгенде эки эсе аз сумма чыкты. 

Мына, азыр акыры Талас облусунун Киров суу сактагычында “Бала-Саруу” ГЭСи курулуп баштады. Аны курууга бизде 30 жылдай убакыт болгон. А бирок эми гана курулушу жолго коюлду. Эмнеге? Энергетикалык коллапс болушу мүмкүн делген маанай чөктүргөн божомолдордун фонунда бул эң жакшы нерсе болду. Бирок муну эрте эле жасап, тармакты мынчалык оор абалга келтирбей коюу  мүмкүн болчу.  Жарык маал маалы менен өчүрүлгөн катаал учурду эл дагы деле коркунуч менен эстейт. 

Жалпысынан, үнөм бир гана энергия ресурстарын колдонууда гана эмес, бюджеттик каражатты коротууда да актуалдуу. Жакында БШК меморандумга кол коюуга бардык партияларды чакырды. Ал туура, бирок аягында фуршет уюштурулду. Кимдин эсебинен банкет болду? Биздин, салык төлөөчүлөрдүн. Алдыда толтура майрам келатат, анын ичинде Жаңы Жыл – элдин дагы канча акчасы куру бекер асманга чачылат. Азыр чыгашалардын учуру эмес, чыгашаларды азайтуунун мезгили. 

Саясатчыларды, аткаминерлерди жана ишкерлерди кошкондо калктын басымдуу бөлүгү акылдуу үнөмдөөнү жашоосунун ажырагыс бөлүгүнө айландырмайын, биз суунун көлөмүнөн, техникалык жабдыктардын абалынан жана  эскирген инфраструктурадан түз көз каранды  боло беребиз, - деди Бакыт Бакетаев.